Ошто жаңы заманбап перинаталдык борбор курулат

Ош шаардык облустар аралык бириктирилген клиникалык оорукананын аймагында жаңы перинаталдык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор Германия Өкмөтү тарабынан KfW өнүктүрүү банкы аркылуу каржыланып, «Эне жана баланы коргоо» долбоорунун алкагында курулууда.
Капсула салуу аземине президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Манас Токтомуратов, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхард, ошондой эле KfW өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты. Курулуштун башкы подрядчысы — China Road and Bridge Corporation компаниясы.
Долбоорго ылайык, борбордун жалпы аянты 4 миң 723 м²ден ашат, ал 249 орунга ылайыкталат. Анда төрөт жана операциялык залдар, кош бойлуулуктун патологиясы бөлүмү, аялдар жана ымыркайлар үчүн интенсивдүү терапия бөлүмдөрү, неонатология блогу, эне жана бала үчүн бөлмөлөр, заманбап реанимациялык бөлүмдөр болот.
Борбор перинаталдык жардам көрсөтүүнүн эл аралык стандарттарына жооп берген жогорку технологиялуу медициналык жабдуулар менен камсыздалат.
“Долбоор ишке ашырылгандан кийин Ош, Баткен жана Жалал-Абад областындагы аялдарга жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга акушердик, гинекологиялык жана неонаталдык жардамдын сапаты жана жеткиликтүүлүгү жогорулайт”,- деп айтылат маалыматта.