Ошто жаңы салынып жаткан үйлөрдөн кабель уурдаган жигит кармалды

Ошто жаңы салынып жаткан үйлөрдөн кабель уурдаган жигит кармалды

Ош шаарында жаңы салынып жаткан үйлөрдөн электр чубалгыларын уурдаган жигит кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык милицияга июнь айында шаар тургунунан арыз келип түшкөн. Ал арызда, жаңы салып жаткан үйүнүн электр чубалгыларын белгисиз атуулдар уурдап кеткендигин билдирген. Мындан башка дагы жаңы салынып жаткан үйлөрдүн электр чубалгыларын уурдагандыгы боюнча шаардык милицияга төрт арыз катталган.

Аталган факт Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен катталып, кылмышкерди табуу боюнча атайын тапшырмалар берилген.

Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, бул кылмышка тиешеси бар деген шек менен Ош шаарынын 1998-жылы туулган А.уулу Г. кармалып, тергөөгө камсыздалган.

Учурда шектүүнүн үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат. Иликтөөнүн жүрүшүндө кошумча маалымат берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>