Ош шаарында жаңы таштанды жайынын курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, жаңы таштанды жайынын аянты 24 гектарды түзөт. Эскиси 29 гектар болгон. Долбоор боюнча ал рекультивация болот.
Бул долбоор Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын жана Европа биримдигинин колдоосу менен ишке ашырылууда.