Кыргызстан менен Тажикстан соода жана энергетика жаатында кызматташууну бекемдейтАкыркы үмүт. Наталья Наговыцинадан кабар алуу үчүн дрон колдонулатБишкекте Чүй – Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түштүк бөлүгү ачылдыОштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталдыКыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор жок – Ташиев«Сапаттын» үч мектеби Агартуу министрлигине өткөрүлүүдө
Ошто жашылча-жемиштерди тоңдура турган логистикалык борбор ачылат
25.08.2025 | 15:20

Ош шаарындагы Кызыл-Кыштак айыл аймагында 2 миң тонна жашылча жана мөмө-жемиштерди акустикалык тоңдура турган соода-логистикалык борбор курулууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, борбор “Туран Групп” ишканасы тарабынан 0,4 гектар аянтка курулуп жатат. Учурда жабдуулар толугу менен орнотулуп бүткөн. Борбор 31-августта расмий түрдө ачылат.
Аталган долбоордун курулушуна Элдик банктан кластердик өнүгүү долбоору (АӨЖК) аркылуу 20 млн сом, ал эми Дүйнөлүк банктан 35 млн сом каржыланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Ош