2-октябрь күнү саат 12:37де Ошоблусунун аймагында жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, анын күчү 3 баллга жеткен.
Жер титирөө Алай районунун Аюу-Тапан жана Осоавиахим айылында 2,5 балл чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.
Фото: Михаил Дудин