Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Ошто жүзгө жакын энеге орден, медаль тапшырылды
12.07.2025 | 16:12

Ош шаарында Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык 98 эне жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Атап айтканда, 54 энеге “Баатыр эне” ордени, 44үнө “Эне даңкы” медалы ыйгарылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.
Сыйлоо аземи салтанаттуу түрдө өтүп, ага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, ошондой эле баатыр энелер жана алардын жакындары катышты. Иш-чара маданият кызматкерлеринин концерттик программасы менен коштолду.
Шаар башчысы жана шаар кеңешинин төрагасы энелерди коомдун өнүгүшүнө жана келечек муунду тарбиялоого кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиришип, бекем ден соолук жана бакубат турмуш каалап, ордендер менен медалдарды тапшырышты.
Рубрики: Жаңылыктар