Бишкектин Кара-Жыгач конушунда №91 мектептин жаңы окуу корпусу салынуудаКыргызстандын футбол боюнча курама командасы канча турат жана эң кымбат оюнчу ким?Онкологиялык бейтаптар химиотерапияны отуруп алууга мажбур — ДжаманбаеваСыргак Кенжебаев массалык башаламандыкка чакырык жасоого шектелип кармалдыТергөөдөгү мыйзам бузуулар боюнча эң көп арыз ИИМге түшкөн — АкыйкатчыКыргызстанда жеке маалыматтарды сыртка чыгарып жибергендер үчүн 140 миң сомго чейин айып пул салынды
Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти
12.07.2025 | 18:18
Бишкектин борбордук Эркиндик проспектисинде белгисиз бирөө 28 көчөттү сындырып кеткен. Бул факт боюнча укук коргоо органдары “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Милиция шектүү катары 28 жаштагы Б.Ю. аттуу жаранды кармады. Ал көрсөтмөсүндө кылмышты мас абалда жасаганын мойнуна алган.
Учурда соттук териштирүү жүрүп, ага сотко чейинки сыртка чыкпоо тил каты алынган. Мындан тышкары, келтирилген экологиялык зыяндын ордун толтуруу маселеси каралууда.

Тиешелүү экспертизалар дайындалып, иш тергелүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар