Оштогу жугуштуу оорулар стационары КРВИ күчөгөн маалда балдарды дарылоого максималдуу колдонулат

06.01.2026 | 12:00

КР Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Айбек Маткеримов өлкөнүн түштүк аймактарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаардык клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар стационарына барды. Сапардын максаты — оорунун сезондук күчөшү маалында КРВИ (ОРВИ) жана сасык тумоо менен ооруган бейтаптарга жардам көрсөтүүнүн уюштурулушун текшерүү болду.

Оорукананын директору Шаят Абдурахмановдун маалыматы боюнча, стационар 270 орунга ылайыкталган, анын ичинен 180и балдар үчүн бөлүнгөн. Учурда медициналык мекеме күчөтүлгөн жүктөм менен иштеп жатат. Административдик-аймактык реформанын алкагында Ош шаарынын калкынын санынын өсүшү стационарлардын толушуна олуттуу таасирин тийгизди.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Айбек Маткеримов стационардын ишин оптималдаштырууну тапшырды. Атап айтканда:

  • чоң бейтаптардын агымын шаардын башка (альтернативдүү) медициналык бөлүмдөрүнө багыттоо;
  • эң аялуу категория катары балдарды ооруканага жаткыруу үчүн жугуштуу оорулар стационарынын орундарын максималдуу бошотуу;
  • санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү күчөтүү жана бейтаптардын так маршрутташтырылышын камсыздоо.

Министрдин орун басары ошондой эле орундардын жетишсиздиги шартында персоналдын үзгүлтүксүз иштеши жана көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапатын катуу көзөмөлдөө зарылдыгын белгиледи. Учурда стационарда жаткан бардык бейтаптар толук көлөмдө медициналык жардам алууда.

Scroll to Top