Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Трамп Венесуэладан кийин жаңы аракеттер менен коркутту: потенциалдуу максаттар аталды
06.01.2026 | 09:00
4-январда Дональд Трамп Венесуэладагы аскердик операциядан кийин АКШ башка өлкөлөргө карата белгилүү кадамдарды жасашы мүмкүн экенин айткан. Тактап айтканда, ал Колумбиянын Президентин түздөн-түз коркутуп, Кубаны “кулатууга даяр” өлкө деп мүнөздөдү, ошондой эле Гренландияны көзөмөлгө алуу ниетин дагы бир жолу тастыктады. Бул тууралуу соц билдирди.
Эске салсак, 3-январга караган түнү Каракаста (Венесуэланын борбору) жардыруу болгон.өлкө бийлиги АКШны аскердик агрессияга айыптаган. Ошол эле күнү Трамп Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы кармалганын жарыялаган.ал эми АКШнын Мамлекеттик катчысынын орун басары Кристофер Ландау Мадуро америкалык сотко кайрыларын билдирген.