Оштун борбордук базары көчүрүлөт

Оштун борбордук базары көчүрүлөт

Ош шаарынын борбордук базары Жапалак айылындагы Көкүмбий көчөсүнө көчүрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош шаарынын борбордук базары көчүрүлө турган жер тилкесин көрүп чыкты.

Курула турган базар Ош автоунаа базарынын жанындагы 16,7 гектар жер тилкесине жайгашат. Тиешелүү кызматтарга базарды көчүрүү боюнча даярдык иштерин баштоо тапшырмасы берилди.

Жаңы базарда соодагерлер үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп берилет.

Белгилей кетсек, 14-июлда Ош шаарында жана облустун бир нече айылдарында сел жүргөн. Ал 800дөй үйгө кирип, 8ден ашык көпүрөнү жана бир катар социалдык мекемелерге зыян келтирген. Сел борбордук базар аркылуу өтүп, ишкерлердин товарларын агызып кеткен. Селдин кесепетинен 5 киши көз жумду. Алардын төртөө — бир үй-бүлө мүчөлөрү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>