Осмоналиев Азербайжандагы кызматынан алынып, мурдагы УКМК кызматкери элчи болду

Осмоналиев Азербайжандагы кызматынан алынып, мурдагы УКМК кызматкери элчи болду

Кайрат Осмоналиев Кыргызстандын Азербайжандагы жана Грузиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, Осмоналиев 2021-жылы июнда Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси кызматына дайындалган. 2022-жылдын февралында ага кошумча Грузиядагы элчилик милдети жүктөлгөн.

Президенттин башка жарлыгы менен Максат Мамытканов Азербайжандагы элчи болду. Мамытканов буга чейин улуттук коопсуздук органдарында иштеп, кийин отставкага чыккан. Ал «Чоң Казат» партиясынын лидери болуп, 2020-жылдагы парламенттик шайлоого катышкан. Октябрь окуяларынан кийин бир нече ай вице-премьер-министр кызматын аркалаган. 2021-жылы июнда Кыргызстан тараптан Евразиялык экономикалык комиссияда бажылык кызматташуу боюнча министр болуп дайындалган.

Максат Мамытканов

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>