«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөтДүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сайтында жасалма интеллект кызматы ишке кирдиКөчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндарында 950 аккредитациядан өткөн журналист иштейтСалык кызматы салыктарды эсептик каттоого турган жер боюнча төлөө зарылдыгын эскерттиОштун эски базарынын ордуна маданий-туристтик комплекс курулатБишкекте теннис комплекси реконструкцияланат
U-23: Эркин күрөш боюнча балбандар Азия чемпионатына катышат
07.06.2024 | 15:27
Эркин күрөш боюнча кыргызтандык балбандар Иорданияда өтө турган 23 жашка чейинки (U-23) спортчулар арасындагы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Азия чемпионаты 27-30-июнда Амман шаарында өтөт. Ага өлкө атынан эркин күрөш боюнча 8 балбан катышат.
Эркин күрөш боюнча курама команда:
- Абдымалик Карачев (57 кг);
- Юхан Доктурбек уулу (61 кг);
- Канатбек Керимбеков (70 кг);
- Орозобек Токтомамбетов (74 кг);
- Мухаммад Абдуллаев (79 кг);
- Бекзат Рахимов (86 кг);
- Стамбул Жаныбек уулу (92 кг);
- Бекзат Теңдиков (97 кг).