Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдү

Бишкек шаарында милиция кызматкерлери ондогон «Антикино» жайларында текшерүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Рейддин максаты — жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана аларды психикалык өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоо болуп саналат.
Текшерүүнү жүргүзүүгө аталган жайларда жашы жете элек өспүрүмдөрдүн көзөмөлсүз жабык кабиналарда калуусуна шарт түзүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматтар негиз болгон. Ошондой эле келүүчүлөрдүн жашы текшерилбестен, «+18» мазмунундагы интернет-контентке чектөөсүз жеткиликтүүлүк берилгендиги аныкталган.
Жыйынтыгында мекемелердин администраторлоруна жана ээлерине карата тиешелүү материалдар түзүлүп, кошумча текшерүү иштери башталган.
Милиция мындай жайлардын ишмердүүлүгүн аныктоо жана токтотуу боюнча иштерди улантарын билдирди.