Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Өткөн аптада Кыргызстанда 25 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактылары катталды
29.09.2025 | 18:00

Өткөн аптада Кыргызстан боюнча 25 миң 590 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-28-сентябрь күндөрү өлкө боюнча төмөнкү жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-1668;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -355;
- Авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-191;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар-1329;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу-4019;
- Авто ээнбаштык -23;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу- 4202;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –13797;
Мындан тыкшары жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2817 авто унаа айып короо жайына киргизилген.
ИИМдин ЖКККББы айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар