Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Чемпиондор Лигасы: «Реал Мадрид» Алматыга учуп келди
29.09.2025 | 18:00

Испаниялык «Реал Мадрид» клубунун оюнчулары Алматы шаарына келди. Учак түн ичинде аэропортко конгондо аларды улуттук казак кийимдерин кийген музыканттар салтанаттуу тосуп алып, салттуу аспаптарда Чемпиондор Лигасынын гимнин аткарышты.
Казакстандык inform.kz сайты жазгандай, команда жайгашкан мейманкананын алдына таң эртең менен миңдеген күйөрмандар чогулуп, испан клубунун желектерин көтөрүп, оюнчулардын аттарын кыйкырып турушту. Көпчүлүк күйөрмандар сүрөткө түшүүгө жана кол тамга алууга аракет кылышты.
Белгилей кетсек, алар казакстандык «Кайрат» клубу менен Чемпиондор Лигасынын тандоо турунун алкагында 30-сентябрда оюн өткөрүшөт.