Өзбек бийлиги 400дөн ашык мечитти жана намазкананы бузуу чечимин кабыл алды

Өзбек бийлиги 400дөн ашык мечитти жана намазкананы бузуу чечимин кабыл алды

24-июнда премьер-министр Абдулла Ариповдун төрагалыгы менен өткөн өкмөттүн жыйынында расмий каттоодон өтпөгөн 400дөн ашык мечитти жана намазкананы «бузуу» же өндүрүш үчүн ишкерлерге өткөрүп берүү буйругу чыккан. Бул тууралуу Өзбекстан өкмөтүнө жакын булактар кабарлашты.

Абдулла Арипов бул чечимди «жакынкы келечекте ишке ашырыла турган светтик мамлекеттүүлүк концепциясына байланыштуу» деп түшүндүргөн.
Өзбекстан өкмөтүнүн башчысы бул жараянды ишке ашырууда «адамдардын сезимдерин эске алуу жана калк арасында мүмкүн болгон чыр-чатакты болтурбоого багытталган түшүндүрүү иштерин жүргүзүү» маанилүү экенин баса белгилеген.

Ариповдун өкмөт жыйынында айтканын Өзбекстандын өкмөтүнө жакын эки көз карандысыз булак тастыктады.

Өзбекстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын январына карата өлкөдө 2118 мечит бар.
20 миллиондон ашык адам жашаган коңшу Казакстанда 2022-жылдын ноябрь айына карата мечиттердин саны 2788ди түзгөн.

Өзбекстандын ири шаарларында айрым мусулмандар жума жана майрамдык намаздарды орун жетишсиздигинен улам көчөдө окушат. Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин өлкөдө ондогон жаңы мечиттер ачылып, азан айтылып жатканда үн күчөткүчтөрдү колдонууга уруксат берилген. Бирок акыркы убакта өлкөдө дин тутуу эркиндигинин чектөө учурлары байкалууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Өзбекстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>