Камчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? РейтингМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Өзбекстан 8 айда Кыргызстанга 491,5 млн долларга экспорт жасаган
26.09.2023 | 09:30
Быйыл 8 айда Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара соода-сатыгы 679 млн доллардан ашкан. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл 8 айда Өзбекстан Кыргызстанга 491,5 млн долларга продукция экспорттоп, 187,6 млн долларга продукция сатып алган.
Өзбекстандын тышкы соода-сатыгындагы алдыңкы 10 өлкө (доллар):
- Кытай – 8,3 млрд
- Россия – 6,2 млрд
- Казакстан – 2,9 млрд
- Түркия – 2,1 млрд
- Корея – 1,5 млрд
- Германия – 708 млн
- Кыргызстан – 679 млн
- Франция – 582 млн
- Афганистан – 544 млн
- Түркмөнстан – 517 млн

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз