Кыргызстанда трансчек аралык кагазсыз соода боюнча Улуттук жол картасы иштелип чыктыКылмыштуу активдерди кайтаруу жана ачыктык: Башкы прокуратура Бакудагы жыйындаСадыр Жапаров геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында ТМУнун ролу өсүп жатканын билдирдиЖАМКнын тергөөчүсү 100 миң сом талап кылууга шектелип кармалдыBinance’тагы хакердик чабуулдан кийин жарандарга коопсуздук чараларын күчөтүү сунушталдыБир нече айга гана жетти: Айтматов — Толстой көчөлөрүндөгү жаңыланган каптама түшүп жатат
Азия оюндары: Дагы бир кыргыз боксчу 1/8 финалга чыкты
26.09.2023 | 09:50
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында кыргызстандык боксчу Нуржигит Дүйшебаев 1/8 финалга чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мушкер Нуржигит Дүйшебаев 25-сентябрда 51 кг салмакта таймашка чыгып, биринчи беттеши 1/16 финалдан башталган. Анда ал иорданиялык атаандашын жеңген.
Эми ал 1/8 финалда беттешке чыгат.
Эскерте кетсек, буга чейин, 24-сентябрда 63 кг салмакта беттешкен Аскат Култаев атаандашын 2-раундда нокаут менен жеңип, 1/8 финалга чыккан.
Азия оюндары: Кыргыз мушкер биринчи атаандашын нокаут менен жеңди
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз