Өзбекстан: Кыргызстандыктар ири көлөмдө акчаларды тышка ташып турушкан

Өзбекстан: Кыргызстандыктар ири көлөмдө акчаларды тышка ташып турушкан

Өзбекстандан акча ташыган кылмыштуу топтун башчысы Кыргызстандык болуп чыкты. Бул туурасында кошуна өлкөнүн  Мамлекеттик коопсуздук кызматы кабарлаганын «Ozberizton24» телеканалы билдирди.

Маалыматка караганда,  коңшу өлкөнүн жашыруун кызматынын  Анжиян  жана Наманган облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери чет өлкөгө ири суммадагы акча ташыган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Кургантепин районунун 32 жаштагы тургуну айдап бара жаткан «ДЭУ Дамас» унаасы токтотулуп, анын ичинен 968 миң 900 доллар акча табылган. Андан соң айдоочунун  жакыны  58 жаштагы жаран колго түшкөн.  Анын да «ДЭУ Дамас» унаасынан 672 миң 206 доллар табылган.

Андан тышкары кылмыштуу топтун лидери саналган Кыргызстандын  48 жаштагы жараны кармалган. Ал убактылуу Ташкент шаарында жашап жаткан. Мындан тышкары  Кыргызстандын дагы 5 жараны  Анжиянда тузакка түштү.

Өзбекстандан 1 млн 641 миң 106 доллар акчаны мыйзамсыз чыгарып кетүү аракети токтотулду.

Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>