Өзбекстан менен чектеш аймакта эки кыргызстандык каза болду: биргелешкен иликтөө жүрүүдө

01.09.2025 | 13:55

Кыргызстандын УКМКсынын Чек ара кызматы эки кыргызстандык жаран каза болгону тууралуу кабарлады. 2025-жылдын 25-августунда укук коргоо органдарына Чаткал районундагы Айгыр-Жал айылынын тургундары дайынсыз жоголгону тууралуу арыз келип түшкөн.

28-августта өзбек чек арачылары 15-августта Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын чек араларынын кесилишинде эки белгисиз жаран табылганын билдиришкен. Маалыматка ылайык, аларды кармоого аракет кылышкан учурда аталган жарандар талаптарга баш ийбегендиктен, чек арачылар курал колдонгон. Жыйынтыгында эки жаран тең оор жаракат алып, каза болушкан.

31-августта каза болгондордун жакындары алардын өздүгүн тастыкташкан. Ал эми 1-сентябрда алардын сөөгү «Баймак» өткөрмө пункту аркылуу Кербен шаарындагы моргго экспертизага жеткирилген.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын чек ара кызматтарынын жетекчилери 2-сентябрдан тарта жеринде биргелешкен иликтөө жүргүзүү тууралуу макулдашышкан. Өзбек тарап каза болгондордун мүлкүн: үч жылкы жана чатырды өткөрүп берүүгө даяр экенин билдирген.

УКМКнын Чек ара кызматы болгон окуяга терең тынчсыздануусун билдирди. Аталган окуя боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгы коомчулукка жарыяланат.

Scroll to Top