Буга чейин ведомство Facebook, Instagram, «Одноклассники», Telegram, LinkedIn, YouTube, «Мой мир» жана башка сервистерди жеке маалыматтарды сактоо укугун бузгандардын тизмесине киргизип, аларга кирүүгө чектөө койгон.
“Президенттин тапшырмасы менен Маалымат жана телекоммуникация тармагын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик инспекциянын («Узкомназорат») башчысы Голибшер Зияев туура эмес жана макулдашылбаган аракеттери үчүн кызматтан алынды. Анын бул аракети тергелет”, – деп жазды президенттин басма сөз катчысы Шерзод Асадов.
Анын айтымында, президент Шавкат Мирзиёев мамлекеттик мекеме жетекчисинин бир жактуу аракетинен кабардар. Асадов ката кетиргендердин баарына чара колдонуларын эскертти.
Шерзов Асадов жакын арада социалдык түйүндөргө кирүү толугу менен калыбына келтирилерин кошумчалады.
«Узкомназорат» буга чейин жеке маалыматтарды сактоо укугун бузгандардын тимесин түзгөн. Ага июлда Twitter, TikTok, «ВКонтакте» жана Skype киргизилип, алардын өлкөдөгү иши чектелген.