Унааны кайра каттоо боюнча акысыз кампания уланууда

Унааны кайра каттоо боюнча акысыз кампания уланууда

Кыргызстанда нөлдүк салык менен автоунааны кайра каттоо боюнча улуттук кампания уланууда. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Транспорт каражатын кайра каттоодо бекитилген тарифтик шкала боюнча автоунаанын орточо рыноктук наркынын 1 пайызы өлчөмүндө кайра каттоо үчүн жыйым алынат. 2021-жылдын 31-декабрына чейин бул төлөмдөр алынбайт. Автоунааны кайра каттоонун баасы 498 сомду түзөт. Эгерде унаа ээси кайра каттоодо аймакты же мамлекеттик номурун алмаштыргысы келсе, ага 1 миң 633 сом кетет.

Акция башталгандан бери 159 миң 419 унаа кайра каттоодон өттү.

«Унаа ээлерин автотранспорт каражаттарын сатып алуу-сатуу боюнча операцияларды жүргүзүүдө милдеттүү түрдө кайра каттоодон өткөрүүгө чакырабыз. Анткени, автотранспорт салыгын төлөбөгөндүгү жана жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы үчүн мурдагы ээси жоопкерчиликке тартылып калат. Ишеним кат боюнча унааны алуучу аны өз наамына кайра каттатууга укугу жок, күрөө, камакка алуу жана башка чектөөлөр тууралуу маалымат ала албайт. Мыйзамдуу ээси каза болгон учурда ишеним кат күчүн жоготот жана мурастоодо көйгөйлөр жаралышы мүмкүн», — деп белгилешти ведомстводон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>