Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өтпөгөндөр иштен алынууда
20.01.2022 | 16:52
Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерди аныктоо боюнча текшерүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу “УзА” агенттиги кабарлады.
Маалыматка караганда, 17-январда жумушчу топ шаардагы 305 чарбалык субъекти менен 203 бюджеттик мекемени текшерген. Жыйынтыгында 1244 жаран коронавируска каршы вакцина албаганы аныкталган. Алардын ичинен 1044 кызматкер иштен алынса, 200 кишиге айып пул салынган. Мындан тышкары бир ишкананын иши токтотулган.
18-январда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканын билдирип, вирус бир сутканын ичинде 1214 кишиден аныкталганын кабарлаган. Бул пандемия башталгандан бери Өзбекстанда бир күндө катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар