Өзбекстанда соттолгондорго китеп окуу аркылуу мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берген мыйзам кабыл алынды

05.09.2025 | 13:55

Өзбекстандын Сенаты соттолгондорго китеп окуу аркылуу мөөнөтүн кыскартууга мүмкүндүк берген мыйзам кабыл алды. Бул тууралуу Өзбекстандын парламентинин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамга ылайык, соттолгондор бир китепти окуп, түрмөдө отуруу мөөнөтүн үч күнгө кыскарта алышат. Бирок, жыл ичинде максималдуу кыскартуу 30 күндөн ашпоого тийиш.

Маалыматка ылайык, соттолгондор бул үчүн Республикалык руханий жана агартуу борбору тарабынан бекитилген, алардын туура руханий-моралдык баалуулуктарын калыптандырууга багытталган адабият тизмесиндеги китептерди окушу керек. Чечим ар бир китеп окулганы тастыкталгандан кийин гана атайын коммисия тарабынан чыгарылат.

Ошондой эле бул норма шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулууга уруксат берилген адамдарга гана колдонулат, ал эми өмүр бою эркиндигинен ажыратылгандарга тиешелүү эмес.

Scroll to Top