Ош облусунун Өзгөн районундагы «Өзгөн балык чарбасынын» базасында карп жана чөп менен азыктанган балык түрлөрүн жасалма жол менен көбөйтүү үчүн инкубациялык цехт ачылып, ишке киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Цехтин ачылышына “Кыргыз балык чарбасы” ишканасынын директору Эдиль Ниязов жана Кыргызстандагы TİKA программаларынын координатору Мехмет Бодур катышкан.
«Инкубациялык цехтин ачылышы филиалдын өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жогорку сапаттагы балык уруктугунун көлөмүн көбөйтүүгө жана өлкөнүн түштүк аймактарында балык чарбасын туруктуу өнүктүрүүгө салым кошот»,- деп билдирди министрлик.
Аталган долбоор Түркиянын Кызматташтык жана координация боюнча агенттигинин (TİKA) техникалык жана каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, балыктын уруктарын инкубациялоо жана тирүү туруктуу стадияга чейин өстүрүү боюнча заманбап технологияларды колдонууга багытталган.