Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн автобекет мамлекетке алынды

Өзгөндө мыйзамсыз менчикке өткөн автобекет мамлекетке алынды

Өзгөндө мыйзамсыз менчиктештирилген автобекет мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, УКМК автобекетти «Тулпар»акционердик коому тарабынан мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктаган. Тактап айтканда, 2001-жылдын 15-январында Өзгөн шаарынын мэриясы тарабынан шаарга автобекет куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилген.

Андан ары Өзгөн районунун райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан аталган участок «Тулпар» АКсына жерди туруктуу пайдалануу укугу менен жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн берилген.

Мында Өзгөн райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын кызмат адамдары 2001-жылдын 21-июлунда туруктуу пайдалануудагы көрсөтүлгөн жер тилкесине жеке менчик укугуна мамлекеттик актыны мыйзамсыз бергендиги такталган.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө «Тулпар» АКнын аталган акционерлери Өзгөн шаарынын автобекетин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын моюнга алып, өз ыктыяры менен 0.41 га болгон аталган обьектти Өзгөн шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>