Өзүн өлтүрүлгөн Айсулуунун агасы катары көрсөткөн жигитке кылмыш иши козголду
Өзүн ЖМКларда өлтүрүлгөн Айсулуу Мукашеванын бир тууган агасы катары көрсөткөн 23 жаштагы жигитке кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Эске салсак, Ысык-Көл облусунун Барскоон айылында 27-сентябрда 17 жаштагы кыз дайынсыз жоголгон. Укук коргоо кызматкерлери кызды зордуктап, өлтүргөнүн мойнуна алган кишини кармашкан. Андан соң, милиция өспүрүмгө каршы жасалган кылмыш боюнча жалган маалымат тараткан 23 жаштагы Нарынбек уулу Сыймык да кармалганын кабарлаган.
“Укук коргоо органдары аталган жарандын окуянын жагдайлары тууралуу так маалыматы жок экендигин аныкташкан. Ал ойдон чыгарылган маалыматтарды таратуу менен коомчулукту адаштырып, коомдогу чыңалууну күчөткөн. Анын өзүнүн айтуусунда, мындай аракетти социалдык тармактарда көңүл бурдуруу жана жазылуучулардын санын көбөйтүү максатында жасаган”,- деп билдирди ИИМ.
Милиция бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Пайда табуу ниетинде, кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Жигит убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.