Индия менен Пакистан бири-бирине аскердик чабуул койду. Эмнелер белгилүү?
7-майга караган түнү Индиянын куралдуу күчтөрү Пакистандагы террордук инфраструктурага сокку урган Синдоор операциясын баштаган. Жалпысынан тогуз объектке чабуул жасалган. Ислам Республикасы пропорционалдуу эмес сокку менен жооп кайтарууга убада берди.
– Индиянын Коргонуу министрлиги “Синдур” операциясы башталганын, анын алкагында Пакистандын “террордук инфраструктурасына” сокку урулганын билдирди. Чабуул 9 жерге жасалганын айтты.
– Исламабад аба мейкиндигин 48 саатка жапты.
– Пакистандын премьери Индияга “өлкө болгон күчү менен толук жооп берүүгө укуктуу” экендигин билдирип, улуттук коопсуздук кеңештин жыйынын чакырды. Өкмөт башчынын айтымында, Пакистандагы калктуу беш жерге чабуул жасалган.
– Пакистан ТИМи бул соккуну согуш отун жандыруунун ачык белгиси катары баалады.
– Исламабад каалаган учурда жана каалаган жерге чабул жасарын айтты. Мекеме Индиянын ойлонулбаган кадамы өзөктүк куралы бар эки мамлекетти чоң жаңжалга жакындатканын белгиледи.
– Пакистан армиясы индиялык соккунун кесепетинен 8 киши каза таап, 35и жаракат алды деп билдирди.
– Пакистандын коргонуу министри алардын Куралдуу Аба Күчтөрү индиялык 5 истребителди атып түшүргөнүн айтты.
– Индия тарап Исламабаддын аткылоосунун кесепетинен үч киши каза болгонун айтты.
– БУУнун баш катчысы Антонио Гуттериш кырдаалга бир топ түйшөлүп турганын айтып, эки тарапты ынтымакка келүүгө, сабырдуу болууга чакырып, дүйнө Индия менен Пакистан менен Индиянын согушуп кетишине жол бербестигин айтты.