Париж-2024. Кыргызстандык компания дагы спорт форманы акысыз бермек

Париж-2024. Кыргызстандык компания дагы спорт форманы акысыз бермек

Bigser компаниясы Олимпиадага спортчулардын кийимин бекер берүүгө даяр. Бул тууралуу кыргызстандык өндүрүшчүнүн атайын билдирүүсүндө айтылат.

Компания Улуттук олимпиада комитети менен бир нече жолу кызматташып, ата мекендик спортчуларга бекер формаларды берип келгенин белгилейт.

«Мурдагы оюндардын алдында УОК бизге шашылыш түрдө кайрылган. Ошондо биз команданы өз эсебибизден кийиндирип жана бут кийим менен камсыздаганбыз. Бирок кийинчерээк спортчуларга олимпиадалык айылда биздин форманы кийүүгө тыюу салынганы маалым болду», — дейт Bigser.

Компания Париж Олимпиадасына параддык форманы тигүүгө жарыяланган тендерге катышкан эмес.

«Анын шарттары бизге туура келген жок. «Bigser’дин» өз көз карашы бар: эгер биз командага форма тиксек, анда толук тигишибиз керек. Эгерде бизге курама команда үчүн бардык форманы тигүү мүмкүнчүлүгү берилгенде, биз муну акысыз жасамакпыз», — дейт алар.

«Биз ар кандай кызматташууга жана олимпиадалык спортчуларыбызга акысыз форма тигип берүүгө даярбыз. Бирок УОК жана башка кызыктар тараптар менен кызматташуунун шарттары, ошондой эле келишимдин кандайдыр бир пункттары аткарылбаган учурда жоопкерчилик так жазылышы керек. Кызматташтык цивилизациялуу өлкөлөрдөгүдөй өз ара урматтоо принциптерине негизделиши керек», — дейт ата мекендик ишкана.

Bigser кыргыз спортчуларынын БРИКС оюндарына катышуу үчүн формасын берип, Көчмөндөр оюндарына кийимин даярдап жатканын кошумчалайт.

Спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев кытайлык 361 Degrees  акысыз форма берип жаткандыктан Кыргызстан алар менен кызматташып жатканын айткан.

Олимпиадада спортчулар кытай компаниясын жарнамалайбы? Спорт департаментинин жообу

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>