Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Парламент Ата-энелер күнүн белгилөө жөнүндө мыйзамды кабыл алды
26.06.2024 | 13:34
Жогорку Кеңеш Кыргызстанда Аталар күнүн жана Энелер күнүн белгилөө тууралуу мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбоорун депутат Медербек Алиев демилгелеген.
Анда Аталар күнүн 15-мартта майрамдоо каралган. Ал күн эс алуу күнү болбойт. Ошондой эле мыйзамда Энелер күнүн май айынын үчүнчү жекшембисинде майрамдоо каралган. Буга чейин өлкөдө Энелер күнү президенттин 2012-жылдагы жарлыгын негизинде майрамдалып келген.
Эми мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом