Бала бакчага электрондук каттоо системасы убактылуу иштебейтИзраилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алындыСөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылдыБивол Екатеринбургда Айфертке каршы титулдук беттеш өткөрөтБишкекте «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү өтөтШКУ эксперттери Бишкекте аскердик кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулашты
Парламент ЖК спикери Нурланбек Тургунбек уулу кызматынан кетет деген маалыматты төгүндөдү
10.02.2026 | 18:09

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматынан кете турганы тууралуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 10-февралда, айрым жергиликтүү ЖМКлар спикер Нурланбек Тургунбек уулу кызматынан кетет деген маалыматтар тарап жатат. Буга байланыштуу парламент маалымат таратып, мындай маселе Жогорку Кеңеште каралган жок деп билдирди.
“Учурда төрага парламенттеги депутаттык топторунун жетекчилеринин коштоосунда Түркия Республикасында расмий сапары менен жүрөт”,- деп билдирди ЖКнын басма сөз кызматы.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат