Жогорку Кеңешке кайра шайлоо 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 21-октябрдагы жыйынында бир добуштан кабыл алынды.
Кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтүп, ага катышкан 16 партиянын ичинен төрт партия, «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан», «Бүтүн Кыргызстан» жеңишке жеткен.
5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинггинен кийинки башаламандыктан соң БШК шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган.