Быйыл Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залы толук оңдоп-түзөөдөн өтөт. Анда жыйындар залы санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылат. Бул тууралуу парлмаенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жүргүзүлө турган оңдоп-түзөө иштери боюнча маалымат алды. Анын айтымында, 2023-жылы парламенттин техникалык базасын чыңдоо багытында Корея мамлекети менен атайын макулдашууга кол коюлган.
«Долбоордун алкагында парламенттин чоң жыйындар залы акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар менен камсыздалып, мыйзам чыгаруу ишин санариптештирүүгө багытталган жумуштар жасалат. Жүргүзүлүп жаткан санариптештирүү жана жаңылоо иштери мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деген терең ишеничтемин», – деген ал.
Ошондой эле быйыл Ак үйдүн айланасы иретке келтирилип, бак-дарактар отургузулат.
Белгилей кетсек, Ак үй 1984-жылы ишке берилген. Ал эми чоң жыйындар залы акыркы жолу 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.