Кыргызстанда Пенсиялык топтомо фондундагы акчаларын жалпы 211 миң 49 адам алган. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Аларга жалпы 4 млрд 584,5 млн сом төлөнүп берилген.
Алардын ичинен:
- Пенсияга чыкканда алгандар – 187 миң 256 адам (2 млрд 525,5 млн сом).
- Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн — 4 миң 148 адам (215,7 млн сом).
- Мураскорлорго төлөнгөнү — 11 миң 39 адам (301,7 млн сом).
- Аскер кызматчылары — 927 адам (9,4 млн сом).
- Ипотеканы төлөө үчүн алгандар – 6 миң 969 адам (1 млрд 438,5 млн сом).
- Жумушсуздар – 255 адам (4,5 млн сом).
- Оор дарттарды дарылоо – 524 адам (90,2 млн сом).
Соцфонд жумушсуз калгандарга үч ай 8 миң сомдон төлөп берет. Акчаны кантип алса болот?