Пишпек кичи районунда балатылар кыйылды. Бул тургундардын нааразычылыгын жаратты

Бишкектин Пишпек кичи районунда балатылардын кыйылышы шаар тургундарынын нааразычылыгын жаратты. Бул тууралуу окурман «Элдик репортер» рубрикасына билдирип, видео жөнөттү.
Видеодон Лев Толстой көчөсүндөгү «Достор» маркетинин алдында көк балатыларды кыйып, анын майдаланган бутактарын жүк ташуучу унаага жүктөп жатышканын көрүүгө болот. Видеонун автору ал жакта жашай турганын, ал эми кыйылган балатылар көздү кубантып келгенин билдирген. Ал көп жыл бою өсүп жетилген балатыларды башка жакка көчүрбөй, таштандыга ыргытып жатышканын айтып, нааразы болгон.
Мындан тышкары окурман шаар мэриясы бул окуя боюнча жооп бере элегин билдирди.
Эгер сизде биз үчүн жаңылык бар болсо, аны «Элдик репортёрдун» WhatsApp же Telegram’дагы төмөнкү номуруна жиберсеңиз болот: +996 995 232 413