Подпольщиктер жана антифашисттер: душмандын оругунда күрөшкөндөрдүн урматына коюлган көчөлөр

02.04.2026 | 20:05

Улуу Ата Мекендик согуш фронт сызыгында гана болгон эмес. Оккупацияда калып, көмүскөдө (подпольеде) күрөш жүргүзгөндөрдү өлүм коркунучу ар кадамда аңдып турган. Бишкектин бир нече көчөсү ысымдары ондогон жылдардан кийин гана калыбына келтирилген партизандардын жана антифашисттердин элесин сактап келет. Долбоордун үчүнчү бөлүгү ошолорго арналат.

Шаардын четинде Советтер Союзунун Баатыры Надежда Волкованын атындагы көчө бар. Харьковдук кыз Мордовияга эвакуацияланып, Москвадагы партизандык мектепти бүтүргөн жана 1942-жылдын башынан тартып Харьков облусунда көмүскө байланышчу болуп иштеген. Фашисттер отрядды таап алганда, 22 жаштагы кыз акыркы огу калганча жолдошторунун чегинүүсүн коргоп турган. Ага Баатыр наамы 1965-жылы гана өлгөндөн кийин берилген.

Айрым бишкектиктер Муса Жалил көчөсүндө жашашат. Татар акынынын өмүр баяны нагыз детектив сыяктуу. Аскер кабарчысы Жалил 1942-жылы туткунга түшүп, вермахт түзгөн «Идель-Урал» легионуна кирип калат. Гитлерчилер Поволжье элдеринин согуш туткундарын Кызыл Армияга каршы салгылашууларда колдонууну көздөшкөн. Бирок Жалил көмүскө топ түзүп, туткундардын партизандарга качып кетишине жардам берген. 1943-жылы августта ал камакка алынып, Берлиндеги Плетцензее түрмөсүндө бир жылдык кыйноодон кийин гильотинада өлтүрүлгөн. Узак убакыт бою мекенинде аны чыккынчы деп эсептеп келишкен. Акын Константин Симонов Жалилдин түрмөлөш жолдоштору аркылуу анын ырлары жазылган «Моабит дептерин» тапкандан кийин гана чындык калыбына келген. 1956-жылы Жалилге өлгөндөн кийин Баатыр наамы берилген.

Өзүнчө бир трагедиялуу барак — «Жаш гвардиянын» тарыхы. Бишкектин батыш тарабында Жаш Гвардия проспектиси, ал эми ага жакын жерде Олег Кошевой көчөсү жайгашкан. 1948-жылы октябрда Кыргыз ССР Министрлер Совети Ат-Башы көчөсүн Жаш Гвардия көчөсү деп өзгөрткөн, ал эми 1970-жылы ал проспектке айланган. 1948–1960-жылдары көчөнүн макамы бир нече жолу өзгөргөн, бирок краснодондуктардын эрдигин ар дайым эске салып турган. 1942-жылдын сентябрынан тартып 47 улан жана 24 кыз оккупацияланган Краснодондо диверсиялык иштерди жүргүзүшкөн. Алар баракчаларды таратып, эмгек биржасын өрттөп, эки миңден ашуун адамды Германияга кулчулукка айдалып кетүүдөн сактап калышкан. 14 жаштан 20 жашка чейинки дээрлик бардык жаш гвардиячыларды гитлерчилер 1943-жылы январда кармап, катуу кыйноодон кийин №5 шахтанын шурфуна тирүүлөй ыргытышкан. Шаардын бошотулушуна бир гана ай калган эле.

Бүгүнкү күндө эл арасында дагы деле «бульвар» деп аталган проспектте Панфиловчулардын жана Чолпонбай Түлөбердиев баш болгон башка кыргызстандык жоокерлердин бюсттары орнотулган Баатырлар аллеясы жайгашкан. Бирок бул аталыштын тагдыры азыр бүдөмүк. 2025-жылы мэрия Жаш Гвардия проспектисин жана Махатма Ганди көчөсүн кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири Иманалы Айдарбековдун атына өзгөртүү долбоорун талкууга койду. Бул чечим ардагерлердин кескин сынына кабылды. Атап айтканда, Ооган жана Баткен согуштарынын катышуучусу Самат Батырбеков бул демилгени «жалпылама түрдө аттарды өзгөртүү» деп атап, ал карама-каршылыктарды ырбатып, орус жана кыргыз элдеринин жалпы тарыхын жок кыларын билдирди.

Елена Короткова

Баатырлар атындагы көчөлөр долбооруна тиешелүү материалдар:
Scroll to Top