Постковиддик синдром болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистин жообу

Постковиддик синдром болбош үчүн эмне кылуу керек? Адистин жообу

COVID-19дан айыккандан кийин айрымдар мурдагы абалына келе албай жатат. Анткени коронавирустун белгилери узакка чейин сакталууда. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

Маалыматка караганда, ал тургай вирус органдарды жабыркатып, өнөкөт оорууга айлантууда. Аны постковиддик синдром деп аташат.

“Курч COVID-19 болбош үчүн же ал жеңил өтүшү үчүн биринчи кеңеш эмдөөдөн өтүү керек. Мисалы, учурда эмдөөдөн өткөндөр курч COVID-19 менен ооруган күндө дагы ал женил ооруйт. Бирок, постковид болбойт. Ошондуктан эмдөөдөн өтүү керек”, — деди Улуттук кардиология жана терапия борборунун директору Талант Сооронбаев.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>