Кытай менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамдар көбөйөт

Кытай менен Кыргызстандын ортосунда аба каттамдар көбөйөт

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, транспорт-логистикалык тармактарга өзгөчө көңүл буруу менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Элчи КЭР Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцяндын Кытай —Кыргызстан —Өзбекстан темир жолун куруу маселесине тийиштүү билдирүүсүн айтты.

Кытай тарап канагаттануу менен белгилегендей, үч тараптын биргелешкен аракеттерине жараша темир жолду куруу долбоорунун техника-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу ийгиликтүү башталды жана кыргыз жана өзбек тарап менен долбоорду мындан ары карай илгерилетүү үчүн кызматташууга даярдыгын билдирди.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өз кезегинде Ли Кэцяндын билдирүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан үчүн темир жол магистралынын курулуш долбоорун ишке ашыруунун артыкчылыктуу маанисин баса белгиледи.

“Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашырууда олуттуу жылыштар бар. Жакында долбоордун активдүү фазасы башталат деп ишенебиз”, — деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жолугушууда Элчи Ду Дэвэнь кытай тарап кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иш убактысын 2022-жылдын августунан 31-октябрына чейин 2 саатка узартуу чечимин кабыл алганын билдирди.

Мындан тышкары, кытай тарап эки өлкөнүн ортосундагы авиа каттамдардын санын көбөйтүүгө даяр экендигин билдирди (учурда эки жумада бир каттам бар). Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы аба каттамдарын жумасына 3 жолкуга чейин көбөйтүү пландалууда.

Кыргыз тарап Кытайдын негизги соода-экономикалык өнөктөш катары өзгөчө маанисин белгилеп, кызматташуунун бардык багыттары боюнча мындан ары жемиштүү иш алып барууга даяр экендигин белгиледи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>