БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Прагада орус тилдүүлөр ур-токмокко алынууда
27.02.2022 | 15:49
Прагада орус тилде сүйлөгөн адамдарга карата агрессия, дискриминация көрсөтүлүүдө. Бул туурасында журналист Мээрим Сырдыбаева Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, кыргызстандык студент жигит аялдамада телефон менен сүйлөшүп турган маалда эки украин улутундагы адам келип, орус тилинде сүйлөшүп жатканы үчүн ур-токмокко алган. Ал эми ал окуган окуу жайда айрым мугалимдер орус тилдүү студенттерди сабакка киргизбей жатыптыр.
“Көчөдө жүргөн адамдар эми мейли контролдой албайбыз, бейбаштык кылыптыр дейли. Бирок килтейген университетте мындай дискриминациянын болушун кантип сыпаттайбыз?!”- деп кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар