Президент Акылбек Жапаров баштаган чиновниктерге сөгүш жарыялады (тизме)

Президент Акылбек Жапаров баштаган чиновниктерге сөгүш жарыялады (тизме)

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана президенттин администрациясынын кызматкерлерине сөгүш жарыялады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдерине сапатсыз ноутбуктар сатып алынганына байланыштуу бир катар чиновникке сөгүш берилген.

Сөгүш алгандар:

– Министрлер кабинетинин төрагасы – президентинин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров;

– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

– билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

– билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева;

– президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жыпариса Рысбекова;

– президентинин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>