Трамп ноябрдан тарта АКШ Кытайга 100%дык бажы төлөмдөрүн киргизерин билдирдиЖашоо кымбаттады: Кыргызстанда жашоо минимуму 8,7 миң сомго жеттиКыргызстандык жаштар Финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиада ийгилик жаратыштыКыргызстандык аскерлер Өзбекстанда «Бирлик-2025» машыгуусуна катышатБалыкчыда 13 жаштагы кыздын жансыз денеси табылдыСоода өнөр-жай палатасы шанхайлык ири ишкананын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү
Президент бир нече кодекстерге кол койду
16.11.2021 | 10:03
Өлкө башчы Садыр Жапаров Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана жазык кодекстерин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын каршы пикиринен соң кайра иштелип чыгып жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган жазык кодекстерине президент ушул жылдын 28-октябрында кол койгон.
Буга чейин жогоруда белгиленген мыйзамдык актылар Конституция жана иштеп жаткан мыйзамдар менен ички карама-каршылыктардан улам президент тарабынан мыйзам чыгаруу органына макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн кайтарылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат