Президент дарыгер Жүзүм Көкүмбаеванын жакындарына көңүл айтат

Президент дарыгер Жүзүм Көкүмбаеванын жакындарына көңүл айтат

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын № 3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жүзүмкан Көкүмбаеванын кайтыш болгондугуна байланыштуу анын жакындарына көңүл айтат. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.

«Жүзүмкан Көкүмбаеванын коронавирус илдетинен дүйнөдөн кайтты деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул илдет менен күрөштө ак халатчан медиктерибиз алдыңкы сапта турушат. Илдетти жуктуруп алуу коркунучуна карабай, жабыркап жатышса да, өтө бийик каармандык жана тайманбастык менен жарандарыбызды өлүмдөн, оорудан сактап калышууда. Тилекке каршы, бул күрөштө ак халатчан дарыгерибизден  айрылып отурабыз», — дейт Мамлекет башчысы.

Ал Жүзүмкан Көкүмбаева өзүнүн дарыгерлик милдетин толугу менен аткарып, көп жылдык эмгеги менен элдин саламаттыгына кызмат кылып,  жүздөгөн  жаштарга насаатчы болгондугун баса белгиледи.

«Дүйнөлүк апааттын биздин өлкөгө келиши менен, анын  жайылышын токтотууда алдыңкы сапта жүрдү. Жүзүмкан Көкүмбаеванын элеси ар дайым ар бирибиздин, анын колунда дарылангандардын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде өчпөй, сакталат. Ак жүрөк дарыгерибиздин бир туугандарына, жакындарына жана балдарына жүрөктөн көңүл айтам, аза кайгысын тең бөлүшөм», — дейт Президент Сооронбай Жээнбеков.

Маркум 2-май күнү Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында коронавирустан каза болгон. Анын үй бүлөсүнө 1 миллион сом компенсация төлөөгө өкмөттүн буйругу даярдалып жатканы айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>