Сузактагы кырсык: Бишкекке которулган балдардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө

Сузактагы кырсык: Бишкекке которулган балдардын төртөө жандандыруу бөлүмүндө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды. Жабыр тарткан 10 бала Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.

Өкмөттөн маалымдашкандай, Жапаровго балдардын абалы жана аларды дарылоонун мындан аркы планы айтылды. Төрт бала реанимацияга, 6 бала травматология бөлүмүнө жаткырылган. Балдарды текшергенден кийин хирургиялык кийлигишүү жөнүндө чечим кабыл алынат.

Жабыркаган балдардын жакындары менен баарлашкан Акылбек Жапаров аларга колдоо сөздөрүн айтып, балдар сапаттуу дарыланып, күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болорун билдирди.

Белгилей кетсек, Сузакта Портердин тебелеп кетүүсүнөн жабыркаган балдардын ону Бишкекке алып келинген. Алар Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылган.

Эскерте кетсек, 2-майда Сузактын Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды Porter унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>