Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди

Сузактагы кырсыкта жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди

Сузак районунда Портер унаасынын тебелеп кетүүсүнөн жабыркаган балдар Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Маалыматка караганда, балдар Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына жаткырылды.

Буга чейин президент Садыр Жапаров жабыркагандарга жогорку квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүү максатында аларды Бишкекке алдыруу тапшырмасын берген. Алар борбор шаарга атайын борт менен алып келинген.

Эскерте кетсек, кырсык 2-майда Сузактагы Катмы жайлоосунда «Манас» айтуу боюнча сынак өтүп жатканда болгон. Окуучулар тоо боорунда «Манас» айтып жатканда, ичинде айдоочусу жок Hyundai Porter унаасы ылдыйды көздөй жүрүп кетип, 30дан ашык баланы сүзүп кеткен.

Учурда жабыркаган балдардын 20сы ооруканаларда жатат, дагы 14 бала амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Ооруканадагы балдардын экөөнө операция жасалган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>