Президент Евразиялык экономикалык кеңешинин видеоконференция жыйынына катышты

Президент Евразиялык экономикалык кеңешинин видеоконференция жыйынына катышты

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, Евразия экономикалык кеңешинин  (ЖЕЭК)  мүчөлөрүнүн видеоконференция форматындагы жыйынына катышты.

Мамлекет башчысы жыйында коронавирус инфекциясынын жайылышынын шартында ЕАЭБдин алкагында биргелешкен күч-аракеттерди бириктирүүгө багытталган бир катар чараларды сунуш кылды.

Ошондой эле ал азыркыдай жалпы обочолонуу жана чек араларды жабууга мажбур болуу шарттарында гуманитардык жүктөрдү, биринчи зарылдыктагы азык-түлүк товарларын жана медициналык багыттагы продукцияны үзгүлтүксүз жеткирип турууга мүмкүндүк берүүчү өлкөлөрүбүздүн ортосунда тийиштүү алгоритми бар «жашыл коридорлорду» уюштуруу зарылдыгын баса белгиледи. Өлкөлөр ортосунда эч кандай тоскоолдуксуз өткөрүлүп келе турган товарлардын тизмесин аныктоону сунуш кылды.

“Биримдик алкагындагы элдерибизди негизги азык-түлүк товарлары менен камсыздоо үчүн бардык мүмкүнчүлүк бар. ЕАЭБ ичинде социалдык маанидеги товарларды өз ара соодалоого чектөөлөр киргизилбеши керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Видеоконференция форматындагы жыйынга Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЕЭКкКоллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты.
[su_image_carousel source=»media: 26222,26223,26224,26225,26226,26227,26228,26230″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>