Президент «Корея — Кыргызстан» агрокластеринин параметрлерин жаңылады

20.02.2026 | 14:51

Президент Садыр Жапаров «Корея — Кыргызстан» агроөнөр жай кластерин түзүү жөнүндөгү документке өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жарлыкка кол койду. Түзөтүүлөр агрардык секторду өнүктүрүүнү тездетүүгө жана корей агротехнологияларын колдонуу менен кыргызстандык агропродукциянын эл аралык рынокторго чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.

Жаңыланган документке ылайык, төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилди: мурунку регламенттин №3-пункту күчүн жоготту деп табылды, инновациялык технологияларды киргизүүгө басым жасоо менен кластердин милдеттери такталды, ошондой эле инфратүзүмдү даярдоо боюнча Бишкек мэриясына жана Аламүдүн районунун администрациясына конкреттүү милдеттенмелер белгиленди. Кластерди жайгаштыруу үчүн аталган аймактардан расмий түрдө 350 гектар жер тилкеси бөлүндү.

Документ кол коюлгандан бир жума өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Теги: Корея
Scroll to Top