Президент кыргызстандыктарды Адам укуктары күнү менен куттуктады
Бүгүн, 10-декабрда, өлкө башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Адам укуктары күнү менен куттуктап, кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы өз куттуктоосунда 1948-жылы кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясы дүйнөдөгү негизги баалуулуктардын, адамдын ар-намысы, кадыр-баркы жана эркиндигинин түпкү негизи экенин белгиледи.
Садыр Жапаров кыргыз эли тарыхтан бери адилеттүүлүктү, ар-намысты эң жогору баалап келгенин баса белгилеп, декларациядагы принциптер улуттук салт-санаага шайкеш экенин айтты.
Президент Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттик саясат ырааттуу жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, сот системасын чыңдоо, демократиялык процесстерди өнүктүрүү, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, ошондой эле аялдарды, балдарды жана аялуу топторду коргоо багытында иштер жүргүзүлүп жатат.
“Мына ушундай маанилүү күндө мекендештеримди ар бир жарандын адамдык ар-намысын, кадыр-баркын, көп түрдүү пикирлерин жана элибиздин руханий жана маданий баалуулуктарын урматтоого чакырам”,- деди өлкө башчы.