Президент: Мыйзамсыз аңчылыкты токтоткула!

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып, браконьерликти токтотууга жана жаратылышты сактоого чакырды.
Мамлекет башчысынын айтымында, акыркы үч жылда Ысык-Көл, Соң-Көл жана Токтогул суу сактагычтарынан алынган мыйзамсыз торлордун жалпы узундугу 5 миң 700 чакырымды түзгөн – бул Бишкектен Москва аркылуу Санкт-Петербургга чейинки аралыкка тете.
Жапаровдун айтымында, браконьерлер салган торлорго балыктар гана эмес, канаттуулар да түшүп, кырылып жатат.
«Жаратылыш баарыбыздыкы. Ар бир жаран өз аймагында браконьерликке каршы туруп, жаратылышыбызды кийинки муундарга сактап өткөрүп берүүгө милдеттүү», — деди президент.
Ал ошондой эле 2022–2025-жылдары алынган торлордун саны жана узундугу боюнча так статистика келтирип, коомчулукту мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшкө активдүү катышууга үндөдү.