Президент Нарындагы бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты

Президент Садыр Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапарынын алкагында шаарды өнүктүрүүгө жана тургундардын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган бир катар долбоорлордун курулушунун жүрүшү менен таанышты.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, мамлекет башчысы Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу салынып жаткан көп кабаттуу турак үйлөрдү көрүп чыкты. Долбоордо 216 батирден турган төрт блок курулуп, анын аймагында унаа токтотуучу жай, балдар аянтчасы жана спорттук зона каралган. Президент батирлердин санын көбөйтүүнү тапшырды.
Жапаров ошондой эле инновациялык-креативдик борбордун, китепкана, музей, теле жана аудиостудиялар, киноконцерттик зал, IT-зоналар жана соода аянты сыяктуу маданий жана социалдык объектилердин курулушун көрүп чыкты. Мындан тышкары, балдар үчүн көңүл ачуу борбору жана муниципалдык мончо курулууда.
Транспорт жана коммуникация министринин маалыматына ылайык, узундугу 9 км ашык Ленин көчөсүнө асфальт төшөлүп, Шералиев көчөсүндө тротуар жана дренаж системалары оңдолууда. Президент курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
УКМКнын Чек ара кызматынын башкармалыгына тиешелүү 12,11 га жер тилкеси Нарын шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилип, анын ордуна башка жер бөлүнгөнү маалымдалды. Бул жерлерге турак жай, бала бакча жана саламаттыкты сактоо объектилерин куруу пландалууда.
Сапардын соңунда мамлекет башчысы бардык долбоорлорду өз убагында жана сапаттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.