Дастан Бекешев: Мектептер рейтинг үчүн окуучуларды ЖРТга жибербей жатканы мыйзамсызКыргызстандын айыл чарба продукциясы Япония, Кытай жана Россия базарларын өздөштүрүүдөДастан Бекешев жалпы республикалык тестти мамлекеттин эсебинен каржылоону сунуштадыКыргызстандын Улуттук банкы рубль менен нак операциялар боюнча күндөлүк отчеттуулукту киргизүүдөКыргызстан менен KfW банкынын биргелешкен долбоорлорунун портфели кеңейтилетӨзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду
Президент Садыр Жапаров инвестициялык мыйзамга кол койду
14.08.2025 | 19:00

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2025-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Документ Кыргызстандын аймагында улуттук жана чет өлкөлүк инвесторлор тарабынан түз инвестицияларды жүзөгө ашырууда укуктук мамилелерди жөнгө салат. Ал инвесторлордун укуктарын коргоо, кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана мамлекеттик инвестициялык саясаттын принциптерин бекитет.
Мыйзам Кыргыз Республикасынын 2026-жылга чейин өнүктүрүү боюнча Улуттук программасын жүзөгө ашырууга багытталган жана төмөнкү максаттарды көздөйт:
- экономикалык өсүштү жыл сайын орточо 5% камсыз кылуу;
- калктын жан башына ИДПны 1500 АКШ долларынан кем эмес деңгээлде жеткирүү;
- жумушсуздуктун деңгээлин 5% га чейин төмөндөтүү;
- түз чет өлкөлүк инвестициялардын жылдык агымын ИДПга карата 13% кем эмес деңгээлде сактоо.
Рубрики: Жаңылыктар